www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин эгер өлкө аймагына сокку урууга жөндөмдүү америкалык ракеталык системалар Германияда жайгаштырылса, Кремль орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды орноторун билдирди.

Путин Санкт-Петербургдагы Аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган парадда сүйлөп жатып, ракеталардын “учуу убактысын” дагы бир жолу эске салды.

Жекшембиде Путин Вашингтон менен Берлиндин “2026-жылдан тарта Германиянын аймагында америкалык алыс аралыкка атуучу ракеталык системаларды жайгаштыруу” пландары тууралуу билдирүүлөрү көңүл бурдуруп жатканын айтты.

Путиндин айтымында, Орусиянын маанилүү мамлекеттик жана аскерий башкаруу объектилери мындай курал-жарактар жете турган жерде жана мындай ракеталардын Орусиянын аймагындагы буталарга жетүү убактысы "болжол менен 10 мүнөттү түзөт". Путиндин билдиришинче, эгер бул пландар ишке ашса, Орусия орто жана кыска аралыкка атуучу куралдарды жайгаштырууга киргизилген мораторийге баш ийбей калат.

Путин Орусияда орто жана кыска аралыкка атуучу системалар жакын арада дайын болорун айтты.

Путин Орусиянын орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарын өз аймагында гана эмес, дүйнөнүн башка аймактарында да жайгаштырууга даяр экенин билдирди. Ал Филиппинде жана Германияда америкалык ракеталык системалар жайгаштырылышы ыктымал экенин, ага жооп иретинде Орусия өзөктүк жактан жабдылган куралдарды жайгаштыра турганын билдирди.

Последние новости