www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын коргонуу тармагына бөлүнгөн каражаттын негизги бөлүгү чет мамлекеттердеги аскердик базаларды камсыздоого кетип жатат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин журналист Дмитрий Киселевго берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Киселев АКШнын коргонуу тармагына багытталган бюджети "кесилиши" мүмкүндүгүн, мындан улам рекорддук каржылоого карабастан гиперүндүү куралдар жеткирилбей калып жатканын айткан.

"Муну азыр түшүндүрүп берем. Алардын каражатынын көп бөлүгү айлык акыга гана эмес, дүйнө жүзүндөгү аскердик базаларды камсыздоого жумшалат. Ал жакта акча кумга сиңгендей жок болгондуктан эсептөө мүмкүн эмес. Негизги акча жуткан ошол жер", — деди Путин.

Ал ошондой эле АКШнын коргонууга багытталган бюджети 860-870 миллиард долларды түзөрүн, муну Россиянын чыгашасы менен салыштырууга таптакыр болбой турганын белгиледи. Путиндин айтымында, АКШ курал-жарак өндүрүүгө санак жетпеген каражат сарптайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости