www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин азербайжандык кесиптеши Илхом Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтык, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

"Соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кеңири талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн лидерлери Түштүк Кавказдагы кырдаалды талкуулап, Азербайжан-Армения чек арасында туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо боюнча ырааттуу кадамдардын маанилүүлүгүн баса белгилешти.

"Буга байланыштуу Россия, Азербайжан жана Армениянын ортосундагы тиешелүү макулдашуулардын бардык комплексин эң жогорку деңгээлде эч кандай шартсыз аткаруу маанайы тастыкталды", — деп белгилейт Кремлдин басма сөз кызматы.

Орусия Баку менен Ереван ортосундагы кырдаалды жөнгө салууга бир нече жолу ортомчу катары катышкан, анын ичинде Армения менен Азербайжандын лидерлеринин сүйлөшүүлөрүн өткөргөн. Москванын ортомчулугу менен 2020-жылдын ноябрь айында Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди толук токтотуу боюнча билдирүү кабыл алынган. 2021-жылдын январында Кремлдеги үч тараптуу жолугушуудан кийин Карабактагы жаңы инфраструктуралык долбоорлор боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюлган. Бирок бул документтер көп учурда иш жүзүндө иштебей, Баку менен Ереван бири-бирин үч тараптуу келишимдерди аткарбай жатат деп айыптап келишет.

Последние новости