www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык журналист Такер Карлсон Владимир Путин менен маектешти. Журналист Москва сапарын америкалыктар Россия менен Украинада эмне болуп жатканын такыр эле билбегендиктен улам Путин менен маектешүүнү чечкенин билдирген.

Төмөндө маектин урунттуу учурларын тезис менен сунуштайбыз.

2000-жылдардын башында Россия Батыш менен жакын мамиледе болууну каалаган;

Москва НАТОго кирүүгө кызыккан, бирок АКШ муну мүмкүн эмес нерсе деп атаган. Ошондо жакындашып, ымалага келүү башталмак. "Бирок жок, демек жок" деген нерсе пайда болду;

Россия ракетадан коргонуу боюнча жалпы РФ — Европа — АКШ системасын түзүүнү сунуштаган. Бирок бул да колдоо тапкан жок;

Анын ордуна АКШ Кавказдагы террорчулар менен сепаратисттерди колдоду;

Андан кийин Украинада мамлекеттик төңкөрүш жасады;

Биз (Россия) Майдандагы кандуу окуялар болбогондо ордубуздан козголбойт да болчубуз;

Россия СССР кулагандан кийин көз карандысыз өлкөлөрдүн чек аралары мурдагы союздук республикалардын чек арасы боюнча бөлүнүшүнө макул болгон;

Бирок Россия НАТОнун кеңейишине эч качан макул болгон эмес. Андан сырткары, Украинанын НАТОго кирүүсүнө эч качан көнүп, макул деген эмес. "Биз ар дайым антпегиле, андан нерсени кылбагыла" деп суранып келдик;

Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Батыш Донбасста согуштук операция баштады;

"Украина (чатагы – ред.) эмне болуп башталып кетти? Ага мамлекеттик төңкөрүш менен Донбасстагы кадамдар себеп болду. Биз элибизди, өзүбүздү, Мекенибизди жана келечегибизди коргойбуз".

Бирок Россия эртеби-кечпи Украина менен кепке келип, макулдашат. Эгерде АКШ курал-жарак беришин токтотсо, бул бир нече жумада эле аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости