www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 17-мартында Байден ABC News каналында маек куруп жатып “Путин шайлоого кийлигишкени үчүн жооп берерин" айтып, кыйыр түрдө аны "жан алгыч" деп атаган.

Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШлык кесиптеши Жо Байден "жан алгыч" деген сөзү боюнча түшүндүрүп бергенин айтты. Бул тууралуу ал Женевадагы жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Россия лидеринин айтымында, мындай айыптоодон кийин АКШ президенти ага телефон чалган.

"Бул билдирүү боюнча баарыбызга белгилүү, эмне айтайын? Бул сөздү айткандан кийин мага АКШ лидери телефон чалып түшүндүргөн. Анын айткандары менин купулума толгон”, — деди Путин.

“Жан алгыч” деген сөздү айтып жатып, Россия президенти АКШда күн сайын кимдир бирөөлөр өлтүрүлүп жатканын эске салды.

"Жүздөгөн кишилерди бир эле сокку менен өлтүрүшкөн, Афганистанда дагы", — деди ал.

Эске салсак, ушул жылдын 17-мартында Байден ABC News каналына маек куруп жатып “Путин шайлоого кийлигишкени үчүн жооп берерин" айтып, кыйыр түрдө аны "жан алгыч" деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости