www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия АКШнын президенти Жо Байденге каршы жеке чектөөлөрдү киргизгенин аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Орусия АКШнын санкцияларына жооп катары АКШнын өлкө башчысына, жогорку кызматтагы адамдарына 15-марттан тарта болуп көрбөгөндөй чектөөлөрдү киргизди.

Мындай чечим америкалык гегемонияны сактап калууга абдан аракет кылып жаткан АКШнын азыркы жетекчилигинин орусофобиялык көрүнүшүнө каршы реакция экени маалымдалды.

Төмөндө санкцияланган адамдардын тизмеси толук жарыяланган:

1. Жозеф Байден;

2. Энтони Блинкен - АКШнын мамлекеттик катчысы;

3. Ллойд Остин - АКШнын Коргоо министри;

4. Марк Милли - Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы;

5. Джейкоб Салливан - АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы;

6. Уильям Бернс - ЦРУнун директору;

7. Женнифер Псаки - Ак үйдүн басма сөз катчысы;

8. Далип Сингх — АКШнын Президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын орун басары;

9. Саманта Пауэр, Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директору;

10. Хантер Байден - Америка Кошмо Штаттарынын президентинин уулу;

11. Хиллари Клинтон - АКШнын президенттигине мурдагы талапкер;

12. Адевеил Адейемо — финансы министринин биринчи орун басары;

13. Рхета Джо Льюис Экспорттук-импорттук банктын президенти жана директорлор кеңешинин төрагасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости