www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин 30-декабрга чейин балдар жана өспүрүмдөр үчүн тасмаларды мамлекеттик толук каржылоону мыйзамдарга киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу 17-октябрда Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жана башка бир катар чечимдерди мамлекет башчысы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча кеңештин жыйынынын жыйынтыгында кабыл алды.

Тактап айтканда, президент балдарды руханий-адептик жактан тарбиялоо үчүн санариптик жана мультимедиялык долбоорлорго жыл сайын 3,9 миллиард рубль бөлүүнү да тапшырды.

Мындан тышкары, Путин мектептерде туулган жеринин тарыхын окутуунун бирдиктүү ыкмасын иштеп чыгууну тапшырды. Программаларды иштеп чыгууга Орусиянын тарых коомун жана Орусиянын аскердик тарых коомун тартуу сунушталууда. Жооптуу болуп билим берүү министри Сергей Кравцов жана аймактардын жооптуу кызматкерлери дайындалды.

Эске салсак, Путин 5-октябрда Орусияда суверендүү билим берүү системасын бекемдөөгө чакырган. Анын айтымында, балдарга «элибиздин адеп-ахлактык, маданий кодексин» жеткирүү, ошондой эле балдарга башка элдин баалуулуктарын жана бурмаланган тарыхын таңуулоо аракеттерин болтурбоо зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости