www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Украинадан тышкары поляктарды, литвалыктарды жана боору оорубагандардын баарын курмандык кылууну пландап жатат, деди Владимир Путин Балтика өлкөлөрүнүн, Польшанын жана Украинанын “жаңы союзун” түзүү пландары тууралуу кабарга жооп берип жатып.

Бул Варшаванын "НАТОнун калкалоосу" астында “коалиция” түзүп, Украинадагы жаңжалга кирип, өзүнүн тарыхый жерлерин – Батыш Украина менен Белоруссияны кайтарып алууну көздөйт, деп ишенет Путин.

"Поляктар 1945-жылы Польша СССРдин жардамы аркасында гана кайра жанданганын, Иосиф Сталин аларга жерди бергенин унутуп коюшкан. Эгер Киев режими Варшавага бир нерсени берүүгө же сатууга даяр болсо, анда бул алардын иши, саткындардын табияты ошондой", - деди РФ лидери.

Бирок мындай ыкма Беларус үчүн иштебейт, деп эскертти Путин Батышка.

"Белоруссияга келсек, ал Союздук мамлекеттин бир бөлүгү, анда Белоруссияга каршы агрессияны баштоо Россия Федерациясына болгон агрессияны билдирет. Биз буга колубузда болгон бардык каражаттар менен жооп беребиз”, - деди мамлекет башчысы 21-июлда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен жолугушууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости