www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнө газ сатуунун жаңы тартиби тууралуу жарлыкка кол койгонун РИА Новости жазды. "Биз мындай өлкөлөрдүн контрагенттерине түшүнүктүү жана ачык-айкын схеманы сунуштап жатабыз. Орусиянын жаратылыш газын алыш үчүн алар биздин өлкөнүн банктарынан рубль эсептерин ачыш керек. Дал ушул эсептер аркылуу гана газга акы төлөшөт",— деген Путин.

Ал Батыш өлкөлөрү төлөөнүн жаңы шарттарын аткарбаса, газды жеткирүү боюнча азыркы келишимдер токтотулаарын белгилеген.

Буга чейин РФ президенти өкмөт, Борбордук банк жана "Газпром" ишканасына 31-мартка чейин Батышка газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө валютаны алмаштырууну тапшырган. Германиянын экономика министри Роберт Хабек "Чоң жетилик" буга макул болбой турганын айткан.

Кремль өкүлү Дмитрий Песков болсо Орусия кайрымдуулук менен алектенбей турганын белгилеп, эгер газдын акысы рубль менен төлөнбөсө, Европага газ берилбей турганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости