www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын экономикалык санкциялары жана көптөн берки каталары дүйнөлүк инфляцияга, жакырчылыктын өсүшүнө жана азык-түлүк тартыштыгына алып келди. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин XXV Петербург эл аралык экономикалык форумунун катышуучуларына кайрылуусунда айтты.

"Батыш өлкөлөрүнүн экономикалык саясаттагы көп жылдык каталары жана мыйзамсыз санкциялары глобалдык инфляциянын толкунуна, салттуу логистикалык жана өндүрүш чынжырларынын кыйрашына, жакырчылыктын кескин өсүшүнө жана азык-түлүк тартыштыгына алып келди", — деди Путин.

Орус лидеринин айтымында, 2020-жыл Орусия үчүн экономикалык эгемендүүлүктү бекемдөө мезгили болот. Атап айтканда, өлкөдө инфраструктуралык жана технологиялык база тез өнүгүп, кадрларды даярдоонун деңгээли жогорулап, өз алдынча каржы системасы калыптанууда.

Маалымат үчүн айта кетсек, Батыш саясатчылары Орусиянын Украинадагы аскерий операциясы дүйнөлүк инфляцияны жаратып, Украинада эгин тартыштыгына алып келгенин байма-бай айтып келишкен.

Орус президенти 20 миллион тонна украин буудайы же дүйнөдөгү жалпы дан өндүрүшүнүн 0,5 пайызы "эч нерсе эмес" деп билдирди. Ал белгилегендей, данды деңиз аркылуу экспорттоо көйгөйү портторду украин аскерлери өзү миналаганына байланыштуу.

Путиндин айтымында, данды жерден алса болот. Мунун эң оңой жана арзан жолу - Беларуска каршы санкцияларды алып салуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости