www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия эч кимге ички ишине кийлигишүүгө жол бербейт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда айтты.

Ал Батыш өлкөлөрү Россияны өнүктүрбөй, алсыратып, аймакта каалаганын жасагысы келерин белгиледи.

"Дүйнө жүзүндө жаңжал чыгаруу жана колониялаштыруу адаты бар Батыш Россиянын өнүгүүсүн токтоткусу келет. Алар күчтүү Россиянын ордуна алсыз, жалыны өчүп бара жаткан өлкөнү көрсөк дешет. Чынында алар Россияны Украинадай кылгылары келген. Биздин үйдө чыр-чатак чыгарууну көздөшкөн. Бирок көп улуттуу элибиздин чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү алардын тилегин таш каптырды. Биздин жоокерлер менен офицерлер, христиандар, мусулмандар, буддисттер, иудаизмди тутунгандар ынтымак баарын жеңе турчу күч экенин далилдешти. Баары биригип жалпы мекен үчүн күрөшүп жатышат", — деди Путин.

РФ лидери өлкөнүн суверендүүлүгүн бекемдөө бардык багыттар боюнча жүрүп жатканын айтты. Ал ошондой эле жалпы эл фронттогу жоокерлерге таазим этерин айтып, кармашта курман болгондорго аза мүнөтүн жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости