www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Бүгүн, 19-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин видеоконференция түрүндө жыйынын өткөрөт.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бул жолугушуу алдын ала пландалган жана даярдалган. Кремлдин басма сөз кызматы миграция чөйрөсүндө улуттук коопсуздукка коркунучтарды жоюу, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана коомдук-саясий туруктуулуктун кызыкчылыктарынын негизинде миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелерин талкуулоо пландалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары, Мамлекеттик миграция саясатын өркүндөтүү боюнча Коопсуздук кеңешинин ведомстволор аралык комиссиясын жетектеген Дмитрий Медведевдин баяндамасы белгиленген. Август айында комиссиянын мүчөлөрү мындай жыйынга жарым жылдан ашык убакыттан бери даярданып, бир топ иштер аткарылганын белгиледи.

Ошол эле учурда Медведев чет элдиктердин Орусияга кирүү, чыгуу жана болуу шарттары боюнча жаңы комплекстүү мыйзам долбоору даярдалып жатканын эске салды. Анын айтымында, буга байланыштуу бир катар көйгөйлөр системалуу мүнөзгө ээ жана аларды чечүү үчүн комплекстүү мамиле керек. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары түшүндүргөндөй, буга азыркы кырдаалдан келип чыккан олуттуу коркунучтарды токтотуу зарылчылыгы да кирет.

«Чоң» Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйыны май айында болуп, анда мамлекеттик маалыматтык инфраструктуранын туруктуулугу жана коопсуздугу темасы талкууланган.

Ошол эле учурда Путин, эреже катары, жумасына бир жолу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен тез жолугушууларды өткөрүп турат. Мындай акыркы жолугушууларда күн тартибине Крым көпүрөсүндөгү диверсияны иликтөө, жарым-жартылай мобилизациялоону уюштуруу, КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу, патриоттук духта тарбиялоо, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу маселелери коюлган.

Белгилей кетсек, президент Путин өлкөдө мобилизация жарыялагандан кийин Орусиядан кеткендердин саны кескин көбөйгөн. Алар негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Түркияга качышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости