www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз Африка өлкөлөрүнө дүйнөнүн тагдырын чечүүчү структураларда, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жана Чоң жыйырмалыкта (G20) татыктуу орун берүүнү, ошондой эле глобалдык каржы жана соода институттарын алардын таламдарына кызмат кыла тургандай реформалоону жактайбыз. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.

Белгилей кетсек, Россия-Африка саммитине Африка континентинин 49 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышат, алардын 17си мамлекет башчылары. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Дээрлик бардык Африка мамлекеттеринин лидерлери менен өкүлдөрүн чогулта турган Санкт-Петербургдагы экинчи Россия-Африка саммити бүгүн, 27-июлда ачылып, 28-июлда жыйынтыкталат.

Россия-Африка саммити башка нерселер менен катар дан келишимин жана Россиянын дүйнөлүк рынокту колдоо аракеттерин талкуулоо үчүн маанилүү, деп билдирди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости