www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияга кирген мигранттардын биздин коомго аралашып кетиши үчүн аларга камкордук көрүлүп, адамгерчиликтүү мамиле жасалышы керек. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин журналист Дмитрий Киселевго берген маегинде айтты.

"Салттуу эмгек мигранттар тууралуу сөз кылсак, аларды Россияга келүүнү даярдоо жолдорун карашыбыз керек. Мунун ичинде алар жашап жаткан өнөктөш мамлекеттерибиз да бар. Бул — орус тилин үйрөнүү, биздин маданиятыбыз менен салттарыбызды билүү деген сыяктуу нерселер. Алардын биздин коомго кадыресе аралашып кетиши үчүн бул жерде (Россия - ред.) кам көрүлүп, адамгерчиликтүү мамиле жасалышы керек", — деген Путин.

Ал жогоруда айтылгандардын баары жасалганда өзүнүн майнабын берет деген ишенимин билдирген. Муну менен катар эле мигранттар Россиянын мыйзамдарын бузбай, талап кылынган санитардык нормаларды жана башка дагы бир катар эрежелерди сакташы зарылдыгын эске салган.

Путин миграциялык саясат экономикадагы маанилүү курал экендигин жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыгуу ашыктык кылбастыгын белгилеген.

Последние новости