www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин бейшембиде жаш ишкерлер менен жолугуп, орусиялык император Петр I 1700-1721-жылдары Түндүк согуш учурунда Швециянын аймагын тартып албагынын, ал “кайтарып алганын” жана “бекемдегенин” билдирди. Орусия президенти “биздин маңдайыбызга дагы жерлерди кайтаруу жана мамлекетти бекемдөө жазылган экен” деди.

Путиндин айтымында, Петр I басып алган жерлерде байыртадан эле фин-угор элдери менен катар славяндар да жашаган. Бул жерлер дайыма орус мамлекетинин көзөмөлүндө болгон. Президент 1703-жылы биринчи орус императору тарабынан негизделген Санкт-Петерург шаары жөнүндө да кеп кылды. Башында Европа ал жерлерди Орусиянын аймагы катары тааныбаганын айтты.

Украинанын Орусия басып алган Херсон жана Запорожье облустарынын администрация өкүлдөрү ал жакка орус президентинин администрация башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко 7-июнда барып кеткенден кийин Орусияга кошулууга даярдык көрүү тууралуу айтып чыгышкан.

Бул күндөрү Орусия Петр I-нин 350 жылдыгын белгилөөдө. Орус тарыхында бул падыша катаал ыкмалар менен мамлекеттин күчүн бекемдегени айтылат. Анын бийлиги тушунда бир катар Балтика аймактары Швециядан Орусияга өткөн. Алардын айрымдары, анын ичинде азыркы Эстония жана Латвиянын бир бөлүгү эч качан Орусиянын курамына кирген эмес. Путин “кайра кайтаруу” дегенде кайсы аймак жөнүндө сөз кылып жатканын айткан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости