www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл Мюнхен коопсуздук конференциясына катышпайт.
Бул тууралуу орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге билдирди.
“Президенттин иш графигинде бул иш-чарага катышуу барбы?”,- деген суроого Песков “жок” деп жооп берди.
Мюнхен коопсуздук конференциясы акыркы эки жылда биринчи жолу 18-20-февралда офлайн форматта өткөрүлөт.
2007-жылы Путиндин Мюнхендеги сөзү тарыхта калган. Анда ал АКШнын тышкы саясатын жана бир уюлдуу дүйнөлүк түзүлүш идеяларын катуу сынга алган. Ошондой эле, НАТОнун кеңейүү жана Американын ракетадан коргонуу объектилерин Чыгыш Европада жайгаштыруу пландарына кескин каршы экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg