www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцина алууда эмнеге башка дүйнөлүк лидерлер сыяктуу видеого тартылбаганын айтып берди.

Путин ушул жума эмдөөдөн өткөн. Анын администрациясы президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Орусия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон. Кремль мамлекет башчысынын эмдөөдөн өтүп жаткан видео жана сүрөтүн таратпай тургандыгын билдирген.

«Эми биз сөзсүз эле башкалар кылган нерсени жасашыбыз керекпи? Жок, биз антпейбиз. Эгер ушундай деңгээлде кимдир бирөө жалган нерсени көрсөткүсү келсе, ал кыйын деле эмес да. Ийнени көрсөтүп туруп кошулманы, жадагалса айран менен апельсин ширеси сыяктуу деле бир нерсени сайып койсо болсо керек... Албетте, тамашалап жатам, жөн гана витаминдер болушу мүмкүн. Менимче, бул олуттуу эмес», — деген президент «Россия 1» телеканалына берген маегинде.

Мындан тышкары, президент вакцинанын кайсы түрүн алганын атайын ачыктабай турганын айткан.

«Биз чыгарган үч вакцинанын бирин алдым. Муну препаратты сайган дарыгерим гана билет. Кесиптештериме да айткан эмесмин», — деген мамлекет башчысы.

Президент иммунитетин чыңдоо үчүн муздак жана ысык сууга жуунуп жатканын, бул ден-соолукту бекемдей турганын айткан.

Эске салсак, буга чейин Орусияда чыгарылган «Спутник V», «ЭпиВакКорона» жана «КовиВак» вакциналарын дүйнөдөгү эң мыкты препараттар деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости