www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин эмдөөдөн кийинки пландары тууралуу айтты

Россия президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинадан антитело иштелип чыккандан кийин иш сапарларынын географиясын кеңейтип, ар түрдүү мекемелерге, анын ичинде маданий жайларга барарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Шейшемби күнү Кремль Путин Россиядан чыккан коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алганын кабарлаган. Экинчи доза өлкө башчысына болжол менен үч жумадан кийин жасалат.

Жаш ишмерлери үчүн сыйлыктын лауреаттары менен видео байланыш аркылуу жолугушуу өткөргөн. Ал жерден катышуучулардын бири, мамлекеттик балдар китепканасынын жетекчиси Мария Веденяпина Путинди китепканага келип кетүүгө чакырган.

«Мария Александровна, рахмат. Өзүңүз билгендей, эмделдим. Бара турчу жерлеримдин географиясы кеңейет. Анын ичинде маданий мекемелер, китепканалар дагы бар. Баса, бүгүн Москвадагы театрлардын биринин жаңы имаратына барып келейин деп жатам», — деген президент.

Белгилей кетсек, буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эмдөөдөн кийин Путиндин абалы жакшы экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости