www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони Украинадагы согушка байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинден “катуу көңүлү калганын” айтты. Бул тууралуу Берлускони тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн учурда билдирди.
“Азыр өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшүп, бейтарап болуп келген Украина өтө катуу агрессияга дуушар болууда. Орусиянын Украинага каршы ачкан чабуулу аны Кытайдын колуна салып берди. Өкүнүчтүү. Бүт дүйнө жүзүнүн алдында жоопкерчиликти өз колуна алган Владимир Путиндин жүрүм-туруму мени капалантып, катуу көңүлүмдү калтырды”, - деген Берлускони.
il Giornale басылмасы жазгандай, Берлускони Киев облусунун Буча шаарчасында “кадимки эле аскердик кылмыш жасалган жана Орусия ал үчүн жоопкерчилигин тана албайт” деген.
Буга чейин Италиянын миллиардери Орусия Украинага бастырып киргенден бери "конфликттин өнүгүшүнө тынчсызданып" жатканын билдиргени менен, өз сөзүндө Владимир Путиндин атын бир атаган эмес.
Берлускони Путинди өзүнүн досу катары эсептерин айтып келген. Акыркы жолу орус президенти Берлусконини 2021-жылы сентябрда туулган күнү менен куттуктаган соң, ал Путинди “эл аралык аренадагы акыркы чыгаан лидер” деп сыпаттаган.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg