www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин эмне себептен АКШлык кесиптеши Джозеф Байденди шайлоодо жеңип чыгышы менен куттутай электигин анын маалымат катчысы Дмитрий Песков түшүндүрдү. 

Билдирүүгө караганда, мурда Кремль Трамптын жеңип чыкканы айтылары менен эле куттуктаган.

Песковдун пикиринде, себебин айтпаса деле түшүнүктүү. Азыркы президент шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, ар кайсы штаттардын сотторуна кайрылып жатат.

"Ошол себептүү биз шайлоонун расмий жыйынтыктарын күткөнүбүз туура деп чечтик. Анткени өткөн шайлоодо эч ким жыйынтыкка каршы чыккан эмес”, — деди Песков. 

Эске салсак, 3-ноябрь күнү АКШ өзүнүн 46-президентин шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мурдагы вице-президент Байден жеңишке жетти. Ага 538 тандоочунун 290ду өз добушун берген. Бирок Трамп жеңилгенин моюндабай, адвокаттары сотторго арыз менен кайрылууда. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости