www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда тажик президенти Эмомали Рахмонго 6-августтагы АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Виткофф менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Эмомали Рахмонго украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон жакынкы дипломатиялык байланыштарынын жүрүшү жөнүндө маалымдады.
Мындан тышкары, сүйлөшүүдө Россия менен Тажикстандын президенттери эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге жана КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүү маселелерине токтолушту.
Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүдө Владимир Путин менен Эмомали Рахмон эки тараптуу форматта боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да талкуулашты.