www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин эң оор сыноо алдында

Орус президенти эң оор сыноо же тандоо алдында турат. Украинанын Россияга ыктаган региондорун күч менен тартып алуу же кошуна өлкөдө эмне болбосун унчукпай кала берүү алдында турат. 

Унчукпай калайын десе Киевтин Донбасс, Луганскини күч менен каратып алуу коркунучу, андан ары жалпы Украинанын НАТОнун базасына айлануу коркунучу каптап келатат.

Унчугуп бастырып кирсе, батыш менен биротоло жүз карашпай калат. Айтмакчы, тирешүү мындай сценарий менен өнүксө, анда Россия менен стратегиялык өнөктөш Кыргызстанга да өтө олуттуу терс таасирин тийгизет...

Кандай болбосун Россия өзүнүн стратегиясын, кызыл сызыктарын аныктап алган. Биринчиден, эгерде Киев Донбасс жана Луганскиде күч колдоно баштаса, анда Кремль карап турбайт. Экинчиден, Украина НАТОго мүчө болуп, анын аскер базаларын жайгаштыра баштаса, ага да карап тура албайт. Бул чоң кризистин башаты болот.
Мына ушундай курч жана татаал геосаясий тиреште Россия кайсы шартта күч колдонууга даярдыгы белгилүү болуп калган. 

Ал эми батыш аны күч менен токтотууга даяр эмес. Анткени ядролук куралдуу Россия менен согушуу батышка эч жакшылык алып келбейт, кыйроо алып келбесе...
Ошон үчүн батыш Россияны экономикалык жактан кысымга алуу, биротоло изоляциялоо, Украинаны аскердик жактан күчөтүү жагын тандап, ошол багытта иштеп жатат. 

Бул Россияны абдан кыжырдантууда. Путин менен Си Цзинпиндин жакынкы күнү боло турган телефон сүйлөшүүсү Россияга дем береби? Бул да чоң маселе...

Айданбек Акматов, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости