www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин түрк лидери Режеп Тайып Эрдоганды 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Путин түрк лидерин 70 жылдык мааракеси менен телефон аркылуу куттуктаганы белгиленген.

Сүйлөшүү учурунда Путин Эрдоганга Түркия менен Орусиянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин жакын арада, Орусияда мартта боло турган президенттик шайлоого чейин Түркияга барышы мүмкүн экенин билдирген.

Эрдогандын администрациясы Анкара шайлоодон кийин Путиндин Түркияга сапарын күтөрүн билдирди.

Путин Түркияга барып, Эрдоган менен тышкы саясат маселелерин талкуулай турганын кабарлаганбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости