www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа элитасы улуттук баалуулук, өзгөчөлүк сезимдерин жоготуп, Түндүк Америкага көз каранды болуп калды. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербург эл аралык маданий форумдун жыйынында айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

"Биздеги катаал учурлар Европа менен эмес, улуттук өзгөчөлүк деген сезимдерин жоготуп, Түндүк Америкага көз каранды болуп калган европалык элита менен болуп жатат", — деген ал.

 

Россия лидери бул көрүнүш Европа элитасына элинин ишенимин актап, калкынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштегенине жолтоо болорун кошумчалаган.

Ал эми Европа менен алакалар тууралуу айтып жатып убакыт баарын өз ордуна коёт деп белгилеген.

"Биз Европага каалганы жаппайбыз жана жабайын деген ниетибиз жок", — деген президент болуп жаткан окуяларды барган сайын мыкты түшүнүп бараткан Европа коомчулугу менен Россиянын эч кандай чыр-чатагы жок экенин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости