www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин Хамдания шаарындагы үйлөнүү үлпөтүндө өрттөн каза болгондорго байланыштуу Ирактын бийликтерине көңүл айтты, тиешелүү телеграмма Кремлдин сайтында жарыяланды.
"Көп сандаган адам курмандыктарына алып келген Хамдания шаарындагы өрт кырсыгына байланыштуу биздин чын жүрөктөн көңүл айтуубузду кабыл алыңыз. Бул трагедия үйлөнүү үлпөтүнүн ортосунда болгондугу өзгөчө өкүнүчтүү", — деп айтылат телеграммада.
Орус президенти ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, ирактык кесиптешинен аларга колдоо көрсөтүүнү өтүндү. Мындан тышкары Путин бардык жарадарлардын тез сакайып кетишин каалады.
Эске салсак, Иракта үлпөт той учурунда фейерверк атылгандан кийинки бат күйүүчү материалдар тутанып, өрт келип чыккан. Өрттөн улам 113 адам каза болуп, 150 адам жарадар болгон.
Булак: NazarNews.kg