www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФ президент Владимир Путин Казань шаарында өткөн “Келечектин оюндары” эл аралык турниринин салтанаттуу ачылышында сүйлөдү.

Ага Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана бир катар ардактуу коноктор катышты. Ачылыштын алдында мамлекеттердин башчылары мультиспорттук турнир өтө турган жерлерди көрүп чыгышты.

Путин Россия дүйнөдөгү спорттук негизги державалардын бири, улуу атлеттердин, жеңиштердин жана рекорддордун мекени экенин жана ушул тейде кала берерин айтты.

“Биз ар дайым спорттук жана улуу гуманисттик ойлорду жайылтууну жактап келебиз. “Келечектин оюндары” — дүйнөлүк спорт бүлөсүнө биздин белегибиз”, — деди президент.

Ал фижитал-спорт россиялыктардын бош убагында көбүрөөк алектене турган эрмегине айланарына үмүт артканын айтты.

“Келечектин оюндары” саясий конъюнктуралардан, ар кандай басмырлоолордон жана кош стандарттардан эркин болуу. Турнир аянттарында нукура спорт өкүмүн жүргүзөрүнө ишенем”, — деди Путин.

Анын сөзүнөн кийин КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттери өздөрүнүн спортчуларына эне тилинде калоо-тилектерин айтышты.

“Келечектин оюндары” “фижитал” концепциясына негизделген спорттун, киберспорттун, илимдин жана технологиянын биргелешкен масштабдуу спорттук иш-чарасы. Кыргызстан “Келечектин оюндарына” үч жаатта — фижитал-жарыш, "Дота-2" жана спорттук программалоо боюнча катышып жатат. Турнир 3-мартка чейин уланмакчы. Анда дүйнөнүн ар кыл бурчунан келгендер таймашып, 30дай мамлекетте түз алып көрсөтүү болот. Жалпысынан Казанда 21 дисциплина боюнча турнир өтөт. Оюндарга 100гө чукул өлкөдөн 260тан ашык команда жана 2000 спортчу катышмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости