www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Путин Россия Федерациясы менен Корей Элдик Демократиялык Республикасы ар тараптуу жана конструктивдүү эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү үчүн биргелешип аракеттенерин билдирди. Бул тууралуу Путиндин Кореянын Эгемендүүлүк күнүнө карата бүгүн, 15-августта КЭДР лидерине жазган катында айтылган.
Эки тараптуу мамилелерди чыңдоо эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берет. Мындан тышкары, «Орусия менен Түндүк Корея биргелешип Корей жарым аралында жана Түндүк-Чыгыш Азиянын бүтүндөй аймагында «коопсуздукту жана туруктуулукту» бекемдей алат», - деп жазат Орусиянын президенти.
КЭДРдин лидери Ким Чен Ын Путинге жооп кат жолдоп, анда Орусия менен КЭДРдин ортосундагы «стратегиялык жана тактикалык кызматташтык, колдоо жана тилектештик» жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи. Ал «душмандын куралдуу күчтөрү тарабынан провокацияларды жана коркутууларды болтурбоо боюнча жалпы куч-аракеттерди» мойнуна алды.
Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) катта душмандын кайсы күчтөрү жөнүндө сөз болгонун тактаган жок. Бирок, Reuters маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Түндүк Кореянын лидери бул терминди адатта АКШ менен анын союздаштарына карата колдонот.
Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньян АКШ менен ар кандай аскердик жаңжалдарга толук даяр экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg