www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында орус тили боюнча эл аралык уюмдун ишинин маселесин чечүү маанилүү экенин белгилегенин РИА Новости жазды.
"Орусия КМШга төрагалык кылуу учурунда жалпы мурасыбыз болгон орус тилин сактоо темасына өзгөчө көңүл бурат. Орус тили биздин өлкөлөрдө жана дүйнө жүзүндө улуттар аралык баарлашуу тили болуп келген жана кала бермекчи", — деген РФ президенти.
Ал 13-октябрда Бишкекте өткөн саммитте орус тили боюнча эл аралык уюмду түзүү жөнүндө келишимге кол коюлганын эске салган.
Мындан тышкары, ал КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин маданий жакындыгы жана жалпы тарыхы кызматташтык байланыштарды өнүктүрө турганын кошумчалаган.
"КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган. Бул тема чындап эле маанилүү. Анткени биздин элдердин маданий байланышы менен руханий жакындыгы, кылымдап келе жаткан жалпы тарыхы КМШда интеграциялык процесстердин бекем пайдубалы болуп саналат", — деген Путин.
Булак: NazarNews.kg