www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин 2-майда Россия менен Кыргызстан ортосундагы Кыргыз-орус Славян университетинин (КРСУ) кампусун куруу шарттары тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалыматтын расмий порталында жарыяланды.
Макулдашууга 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана долбоорду ишке ашыруунун негизги параметрлерин аныктайт. Орусия тарап кампусту долбоорлоо, куруу жана аны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу милдетин өзүнө алат.
Өз кезегинде Кыргызстан аянты 30 гектардан кем эмес жер тилкесин бөлүп берүүгө жана аны кийин университетке туруктуу, акысыз пайдалануу укугу менен өткөрүп берүүгө милдеттенет. Мындан тышкары, кыргыз тараптын эсебинен жер тилкесинин чек арасына чейин инженердик инфраструктураны долбоорлоо жана куруу камсыз кылынат.
Долбоор ишке ашып, учурдагы инфраструктура жаңылангандан кийин жогорку окуу жайдагы студенттердин саны 15 миңге чейин көбөйөт.
Документте белгиленгендей, макулдашууну ратификациялоо Россиянын чет өлкөлөрдөгү гуманитардык саясатынын милдеттерине шайкеш келет. Ал саясат орус билим берүүсүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана гуманитардык таасирин кеңейтүүгө, ошондой эле илим жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди илгерилетүүгө багытталган тышкы саясаттын жоболоруна туура келет.