www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-апрелинен 1-майына караган түнү өлкөнүн бир катар региондорунда катуу жааган жаан-чачындын натыйжасында сел агымдары катталды.
Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарынын айрым калктуу конуштарында турак үйлөрдү, короо-жайларды жана инфраструктура объекттерин суу каптоо фактылары белгиленди.
Өзгөчө кырдаалдын алгачкы сааттарынан тартып Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан санитардык-эпидемиологиялык абалга ыкчам көзөмөл уюштурулду. Региондордо көчмө эпидемиологиялык бригадалар иштеп, профилактикалык жана дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тазалоо иштери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен, жергиликтүү тургундарды тартуу аркылуу жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу тапшырылды. Дезинфекциялык иш-чаралар этап-этабы менен, анын ичинде инженердик тармактардагы бузулуулар жоюлгандан кийин жүргүзүлүүдө. Дезинфекциялоочу каражаттардын запасы жетиштүү.
Учурда болгон окуяларга байланыштуу жугуштуу оорулардын учурлары катталган жок.
Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү координациялоону улантууда. Министрликте ыкчам штабдын жыйыны өткөрүлүп, иштер Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзүлүүдө.