www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖКККББ кызматкерлери жабырлануучу аялды ооруканага ыкчам жеткирүүгө көмөк көрсөтүштү.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлери «Ала-Арча – Кашка-Суу – Бишкек» стационардык постунда кызмат өтөп жатып, ыкчамдык жана кесипкөйлүк көрсөтүштү.

Алынган маалыматка ылайык, тоолуу аймакта аял болжол менен 7–8 метр бийиктиктен кулап, оор жаракат алган. Жабырлануучуну алып келе жаткан ӨКМ кызматкерлери жол ачып берүү боюнча кайрылышкан.

Патрулдук кызматкерлер дароо чара көрүп, атайын унааны коштоп, жабырлануучу аялды Бишкек шаарынын 4-шаардык ооруканасына тез арада жеткиришип, дарыгерлерге өткөрүп беришти.

Кызматкерлердин ыкчам жана так аракеттеринин натыйжасында жабырлануучу өз убагында медициналык жардам алды.

ЖКККББнын Басма сөз кызматы.

 

Последние новости