www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин Евразия экономикалык аймагына (ЕАЭБ) - Армения, Беларус, Казактан жана Кыргызстанга накталай акча жана алтын куймасын алып чыгууга тыюу салган жарлык чыгарды.
Ага ылайык, 1-апрелден тартып жарандарга 100 миң доллардан ашуун накталай акча алып чыгууга тыюу салынат. Жеке ишкерлер жана ишканалар үчүн тыюу акчанын суммасынан көз карандысыз иштейт.
Эл аралык аэропорттордогу өткөрүү пункттары аркылуу алып чыкканда шарттар башкачараак. Мындай учурда каражатты чыгаруу үчүн акча ээсинин банк эсебинен алынганын тастыктаган көчүрмө болушу керек.
1-майдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнө Орусиядан 100 граммдан жогору алтын куймаларын чыгарууга тыюу салынат - бул жеке адамдарга, ишкерлерге (юридикалык жак) жана жеке ишкерлерге да тиешелүү.
Мында да Москванын (Внуково, Домодедово жана Шереметьево), ошондой эле Владивостоктогу (Кневичи) эл аралык аэропортторундагы өткөрүү пункттары аркылуу алып чыгууда өзгөчөлүк берилет. Алтынды алып чыгууда тийиштүү мекеменин уруксат документи болушу керек. Жеке адамдарга бул документ ЕАЭБ аймагына кирбеген өлкөлөргө алтын алып чыгууга да зарыл болот.
Жарлыкта накта акча менен алтын куймасын алып чыгуунун өзгөчө тартиби "улуттук коопсуздукту жана кызыкчылыкты коргоо максатында" киргизилип жатканы айтылган.