www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Франция президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.

Тараптар Украинадагы абал боюнча пикир алышкан. РФ президенти Донбасс аймагындагы республикаларды коргоого багытталган атайын операциянын жүрүшү боюнча маалымат бергени айтылды. Мындан тышкары, Франция президенти Мариуполдун бошотулушу жана улутчулдар ээлеп турган "Азовсталь" заводундагы жай тургундардын эвакуацияланышы боюнча кабардар болду.

Мындан тышкары, Путин Батыш украин күчтөрүнүн акылга сыйгыс аракеттерин токтотууга таасир эте алмактыгын, бирок алардын кылмышына Евробиримдикке мүчө-мамлекеттер көз жумуп жатканын белгиледи.

РФ лидери Киевдин тийди-качты аракетине карабастан Москва диалог үчүн дайым ачык экенин кошумчалаган.

Макрон глобалдуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо көйгөй жаралганын белгиледи. Буга жооп иретинде Путин кырдаал Батыш мамлекеттеринин санкцияларынан улам курчуганына токтолуп, түзүлгөн шартта логистикалык жана транспорттук инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштөөсү абдан маанилүү экенин айтты.

Тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости