www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин менен түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандын Самаркандда боло турган жолугушуусунун негизги темасы Украинадагы кырдаал болмокчу. Бул тууралуу Hurriyet гезити жазды.
Басылманын маалыматына караганда, түрк президенти орус лидерине Анкара согуштук аракеттерди токтотуу жана туруктуу ок атышпоо келишимине жетишүү үчүн ортомчулук аракеттерин уланта тургандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүүнү көздөөдө. Эрдоган Путинге Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Түркияда жолугушуу уюштурууну дагы бир жолу сунуштайт деп күтүлүүдө.
Түрк мамлекет башчысы украин чатагын дипломатиялык жол менен чечүүгө көңүл бурары күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, президенттердин жолугушуусунун темалары Сириядагы ыктымал аскердик операция жана дан келишимин ишке ашыруудагы кырдаал болушу мүмкүн.
Hurriyet гезити Эрдогандын орус товарларын Түркия координациялаган кемелер менен коридорго түшүрүүнү суранарын белгилеген.
Эске салсак, 9-сентябрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Эрдоган келерки аптада Самаркандда “дан келишимин” ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн бышыктады. Ал келишим жакыр өлкөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылбайт, анткени Батыш келишимдерди бузуп жатканын тактады.
Булак: NazarNews.kg