www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын 29 жаштагы жараны Иркутск облусунун түндүгүндөгү нефть компаниялардын бирине жумушка орношууга барып, орношо албай калган. Ал ойлогондой кызматты баш тартышкан. Ошондо ал үйүнө кайтып келе жатып арак ичип, мас абалында поездге отурууга аракет кылганда, аны поездге отургузбай коюшкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кыжырданган адам Лена станциясындагы бийиктиги 20 метр болгон жарык берүүчү фонарь орнотулган устунга чыгып кеткен. Устунга чыгып алып Путин менен же болбосо Жириновский менен түз байланыштырууну талап кылган. Казакстандык жаранды түшүрүүгө аракет кылган куткаруучулар жана полиция менен темир жол кызматкерлерин секирип кетем деп коркуткан.
Полиция кызматкерлери ызы-чуу кылган жигитти анын Казакстандагы апасы менен телефон аркылуу сүйлөштүргөндө гана ал эсине келген. Устун үстүндө 9 саат отурган жаран үйүндө кош бойлуу аялы күтүп жаткандыгын билгенден кийин гана устундан түшкөн.
Маалымат боюнча казакстандык жаранга карата бир нече административдик протоколдор түзүлгөн. Айып пул төлөп, поездге отуруп мекенине кайткан. Казакстандык жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg