www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин менен Гутерриш Москвада жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Москвадагы сүйлөшүүсү бир саатка жакын созулду. Бул тууралуу CBS телеканалынын кабарчысы Памела Фальк Гутеррештин өкүлүнө шилтеме берүү менен Twitter баракчасында билдирди.

Убакыттын бир бөлүгүндө Путин менен Гутерриш жабык эшик артында сүйлөштү. Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Гутерриш Путинди Украинадагы кырдаалды, анын ичинде Мариуполдогу кырдаалды талкуулоого чакырды.

БУУнун баш катчысы 2021-жылдын май айында Москвага барган, бирок коронавирустук чектөөлөрдөн улам Путин менен байланыш видео байланыш аркылуу болгон. Саясатчылар акыркы жолу бетме-бет 2020-жылдын январында Берлинде көрүшкөн.

Гутерриш 25-апрелде Анкарага барган. Ал эми 28-апрелде БУУнун баш катчысы Киевде болушу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости