www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко Донбасстагы кырдаалды телефон аркылуу талкуулаганын Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

«Кырдаал Донбассты коргоо боюнча жүрүп жаткан атайын аскердик операциянын алкагында да талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Орус-Беларус өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары чыңдоо боюнча өз ара ниети ырасталганы белгиленди.

Путин ошондой эле Лукашенко менен евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык бирикмелердин алкагында кызматташуунун айрым аспектилерин талкуулады, деп билдирет Кремлдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, 12-апрелдеги жогорку деңгээлдеги орус-белорус сүйлөшүүлөрүнүн уландысында эки тараптуу күн тартибинин айрым маселелери жана союздук курулушту илгерилетүү каралды.

«Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн айрым аспектилери, анын ичинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин алдыдагы жолугушуусун даярдоого байланыштуу», - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости