www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Путин менен жолугушту. Бул тууралуу франциялык "Libération" басылмасы батыштын чалгын кызматтарынын маалыматына таянып билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Пригожин үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Кремлге чакырылган. Путин менен жолугушууда аны «Вагнердин» командирлери коштоп жүрүшкөн. Бул жыйынга Орусиянын Гвардиясынын директору Виктор Золотов менен Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин да катышты. Эмнени талкуулашканы азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, Евгений Пригожин 24-июнда аскердик козголоң баштап, Москвага кеткен. Ошол эле күнү Беларустун башчысы Александр Лукашенко Путиндин макулдугу менен Пригожин менен сүйлөшүүгө киришкенин жана аны Москвага барбоого көндүргөнүн жарыялаган.
Кийинчерээк Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге коюлган бардык айыптар алынып салынганын жана ал Беларуска бара турганын билдирген. Бир нече күндөн кийин, 27-июнда Лукашенко "Вагнердин" жетекчиси Беларуста экенин тастыктаган. Ал эми 6-июлда Беларустун жараны өлкөдө жок экенин, анткени ал Санкт-Петербургга, балким Москвага кеткен болушу мүмкүн экенин айткан.
Жыйынтыгында В.В.Путин жанындагы саткындардын тизмесин тизмектеп алды. Айрым атын атагысы келбеген эксперттер, Пригожиндин болуп өткөн кадамын "спектакль" деп айтышкан эле. Пригожин менен Путин жолуктубу же жокпу, кандай болгон күндө дагы болуп өткөн окуя Кремлдеги саткындардын бетин ачты.
Булак: NazarNews.kg