www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин менен Си Цзиньпин Пекинде жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 20-майда Кытайдын борборундагы Элдик жыйындар залында жолугушту.

Кытайдын президенти орус лидерин жеке өзү тосуп алды. Тосуп алуу аземине ардактуу кароол, оркестр жана гүл көтөргөн, орус жана кытай желектерин кармаган көптөгөн жаш балдар катышты.

Элдик жыйындар залы да мамлекеттик желектер менен кооздолуп, аянтка кызыл килем төшөлдү.

19-майда Путин эки күндүк расмий сапар менен Кытайга келди. Бул сапар эки тараптуу мамилелердин негиздөөчү документи болгон Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына туш келди. Орус лидери чектелген жана кеңейтилген орус-кытай сүйлөшүүлөрүн жүргүзөт жана Си Цзиньпин менен биргеликте чай үстүндө эң актуалдуу глобалдык маселелерди талкуулайт.

Последние новости