www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу 85 мүнөт сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Анын айтымында, сүйлөшүүдө Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Орусия менен АКШнын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Дональд Трамп Украинадагы жаңжал аяктагандан кийин Орусия менен АКШнын кызматташуусу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылышы мүмкүн экенин айткан.

Путин Трампка Орусияга келүүгө чакыруу күчүндө экенин эске салып, АКШнын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Украина маселеси боюнча ортомчулук аракеттерин улантарын билдирди.

Последние новости