www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын жолугушуусу 15-августта Аляскада өтөрүн РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков ырастаганын РИА Новости жазды.

"Америка тарап Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуусун жума күнү, 15-августта, Аляскада уюштуруу боюнча келишимди жаңы эле жарыялады. Россия менен АКШ — бири-бири менен чектешкен жакын коңшулар. Биздин делегациянын Беринг кысыгы аркылуу учуп өтүшү жана эки өлкөнүн лидерлеринин мындай маанилүү жана күтүлгөн саммитинин Аляскада өтүшү айкын нерсе", — деген Кремлдин өкүлү.

Ушаков жолугушууда лидерлер украин кризисин узак мөөнөттүү тынчтык жолу менен жөнгө салууга жетишүүнүн варианттарын талкуулоого басым жасашарын белгилеген. Ошондой эле Россия кийинки саммит Россияда өтүшү мүмкүн экенин, Трампка чакыруу берилгенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Путин Аляскага барган биринчи Россия лидери болот.

Последние новости