www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Москва менен сүйлөшүү үчүн Орусия аскерлерин толугу менен чыгарып кетсин деген талабы акылга сыйбайт. Мындай пикирин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров түркиялык кесиптеши Мевлют Чавушоглу менен жолуккан соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Бул талап Украина маселеге олутуу мамиле кылбай жатканынан кабар берет. Украин делегациясы 29-мартта Түркияда сүйлөшүп жатканда таптакыр башка, азыркыга карама каршы келген нерселерди айткан", — деди Лавров.

Журналисттер андан "Путин менен Зеленский жакын арада бетме-бет жолугуп сүйлөшүшү мүмкүнбү?" деп сурашты.

Лавровдун айтымында, алгач Россия менен Украинанын делегациялары кайрадан сүйлөшүү иштерин баштоосу керек. Бул жаатта кийинки кадам Украина тарапта.

"Зеленский жөн гана эл көзүнө жолугуп коюшу мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы алгач Россия менен Украинанын делегациялары кайрадан сүйлөшүү иштерин баштоосу керек", — деди ТИМ башчысы.

Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын делегациялары буга чейин Беларуста жана Түркияда жолугуп сүйлөшкөн. Келишимдин соңку вариантын Орусия тарап Украинага апрель айынын ортосунда жөнөткөн. Ошондон бери Украинадан жооп боло элек.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости