www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Донецк жана Луганск элдик республикалары, Запорожье жана Херсон облустары Түштүк аскер округунун курамына кирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва жана Ленинград аскер округдарын кайра түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Москва жана Ленинград аскер округдары НАТОнун кеңейишине жооп иретинде түзүлгөнү белгиленген. Ленинград облусунун курамына Карелия Республикасы, Коми Республикасы, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород жана Псков облустары, Санкт-Петербург шаары, ошондой эле Ненец автономиялык округу кирген.

Москва облусуна Белгород, Брянск, Владимир, Воронеж, Иваново, Калуга, Кострома, Курск, Липецк, Москва, Нижний Новгород, Орел, Рязань, Смоленск, Тамбов, Тверь, Тула жана Ярославль облустары, ошондой эле Москва шаары кирет.

Белгилей кетсек, буга чейин жаңы аскердик округдарды түзүү боюнча билдирүү тараган. Путин Финляндиянын 2023-жылдын декабрында НАТОго кошулушуна байланыштуу Орусия Ленинград аскер округун түзүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости