www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин оор жоготууга учурады

Орусиянын президенти Владимир Путиндин аталаш бир тууганы Евгений Путин 91 жашында каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Көрсө, Владимир менен Евгений Путиндин аталары - Владимир Спиридонович менен Михаил Спиридонович биологиялык бир туугандар экен.

Евгений Путин эмне үчүн жана кандай шартта каза болгону белгисиз.

Февраль айынын аягында ал 91 жашка толду, туулган күнүн Суздальдагы уулу Михаилдин үйүндө белгиледи. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-мартта болду.

Евгений Путиндин үй-бүлөсү 2002-жылдын аягына чейин Ивановодо жашап, Путин бийликке келип, Москвага көчүп кеткен. Анын уулу Михаил «Газпромдун» төрагасынын орун басары жана компаниянын башкаруу кеңешинин мүчөсү. Дмитрий Песков аны Путиндин "алыскы тууганы" деп атап, алар байланышпай турганын айтты.

Евгений Путиндин кызы Анна Кемерово облусунун губернатору Сергей Цивлев менен үй-бүлө курган. 2018-жылы ал Орусиядагы эң ири көмүр ишканаларынын бири болгон Көлмардын 70 пайыз акциясын Кузбасстын жетекчиси болуп калган күйөөсүнөн сатып алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости