www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча дүйнөдө төртүнчү өлкө болуп, анын кирешеси 43,5 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин дыйкандар менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, мындай жыйынтык Орусиянын тарыхында эч качан болгон эмес. Өлкө айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча дүйнөдө төртүнчү, буудай өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

«Тышкы рынокко продукцияны сатуудан түшкөн киреше 43,5 млрд долларды түздү. Биздин елке эт ендуруу боюнча дуйнеде биринчи орунда турат, бул да агротехникалык жумуштарга байланыштуу, тоют зарыл. Мындай жыйынтык биздин өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде болгон эмес», - дейт өлкө башчысы.

Путин Орусия 2022-жылы 157 миллион тонна, 2023-жылы 147 миллион тонна дан жыйнай турганын белгиледи.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2023-жылдын 17-июлунда Украинанын үч портунан (Черноморск, Одесса жана Южный) эгин экспорттоо үчүн коридор түзүүнү жана азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоодогу тоскоолдуктарды жоюуну караган Кара деңиз демилгеси. Россияга, токтотулган. Орус тарап жакыр өлкөлөр үчүн түзүлгөн дан келишиминин алкагындагы соода процесстеринин 81 пайызы кирешеси жогору жана ортодон жогору болгон өлкөлөргө туура келерин жана мунун баары Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Орус президенти Владимир Путин өлкө дан келишиминдеги бардык шарттар аткарылмайынча бул демилгеге катышуусун токтоторун билдирди. Батыш өлкөлөрү Орусияны келишимге кайтууга чакырды, ал тургай Түркиянын президенти Сочиге барып, Путин менен сүйлөштү. Бирок, ал жардам берген жок - дан келишими калыбына келтирилген жок.

Ал эми Путин Африканын алты өлкөсүнө эгин жеткире турганын айтты. Ал белгилегендей, батыш өлкөлөрү Россиянын дан келишими боюнча талаптарын ишке ашырууга бөгөт коюуну улантууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев президент Владимир Путин менен жолугушууда Африканын алты өлкөсүнө гуманитардык жардам катары 200 миң тонна буудай жеткирилгенин билдирген. Министрдин айтымында, Мали, Буркина-Фасо, Зимбабве жана Эритреяга 25 миң тонна, Сомали менен Борбордук Африка Республикасына 50 миң тонна эгин жеткирилген.

Последние новости