www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин коопсуздук жаатында Москванын саясатын эмнелер аныктай турганын айтып берди.

Ал россия-герман сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирүү жасаганын РИА Новости жазды.

“Орусия мындан ары кандай кадамдарды жасайт дегендерге план боюнча дээр элем. Ал эмнеден чыгат? Жеринде жаралган чыныгы кырдаалдан. Ким чыныгы кырдаал кандай болот дегенге жооп бере алат? Азырынча эч ким. Бул бизден эле көз каранды эмес”, — деди Путин.

Орусия лидери Кремль өнөктөштөрү менен кепке келүүгө аракет кыларын белгиледи. Деген менен бул маселени талкуулоодо Москванын сунуштары комплекстүү түрдө каралышы керектигин эскертти.

Соңку айларда АКШ жана НАТО Россиянын Украинаны “басып алууга” жана Чыгыш Европага жайгашуусун күчөтүп жатат деп айыптоодо. Өз кезегинде Москва мындай дооматтарды четке кагып, аскер күчтөрү өзүнүн аймагында жүргөнүн билдирген. Ошондой эле Украинанын ичиндеге жаңжалга аралашпай, Киевге салыштырмалуу эч кандай келишимдерди бузбай, Минск макулдашуусун сактап келе жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости