www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФнын президенти Владимир Путин Россия менен Пакистандын ортосунда эки тараптуу саясий диалогдун динамикалуу өнүгүп жатканын жана түрдүү тармактарда жемиштүү кызматташтыгын белгиледи. Бул тууралуу ал Пакистандын лидери Ариф Алвиге дүйшөмбү, 14-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо телеграммасында билдирди.
Катта Москва менен Исламабаддын ортосундагы мамилелердин достук мунезу жана ар турдуу тармактардагы жемиштүү кызматташтык белгиленет.
"Москва менен Исламабад терроризмге каршы жана Ооганстанда, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги башка актуалдуу маселелерди чечүүдө жигердүү кызматташат", — деп айтылат телеграммада.
Ошондой эле Орусия менен Пакистандын ортосундагы байланыштарды “аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту чыңдоо” кызыкчылыгында бекемдөөгө ишеним билдирилди.
Сөзүнүн аягында Путин Алвиге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Пакистан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Булак: NazarNews.kg