www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина бийлиги өзөктүк курал жасоого ниеттенип, өз аймагында биологиялык куралдын компоненттерин чыгарып жаткан. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин аймактарды социалдык-экономикалык жактан колдоо чаралары боюнча өткөргөн жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, "Киев НАТОго кирүү планын акырындык менен ишке ашыра баштаган. Жакынкы келечекте Киев режиминин колуна массалык түрдө жок кылуучу куралдар тийип калышы мүмкүн эле. Анда анын негизги бутасы Орусия болмок. Ошондой эле, Пентагондун жетекчилиги жана акчалай колдоосу менен ондогон лаборатория иштеп, аскердик-биологиялык программалар иштелип жаткан. Ал тургай коронавирус, күйдүргү, холера сыяктуу кооптуу илдеттер боюнча эксперименттер жүргүзүлүп турган”, — деди Путин.
Мындан тышкары, - Путин бул нерсенин баары Орусияга түздөн-түз коркунуч жаратаарын айтканда Украина өзүнүн колдоочулары менен бирге эскертүүлөрдү кулак сыртында калтырганын кошумчалады: "Демек, бизде дипломатиялык жол менен маселени чечүү мүмкүнчүлүгү калбай калган. Биз атайын операция баштоого аргасыз болдук”, — деди Путин.
Сөзүнүн соңунда ал Орусиянын Украинаны басып алуу ниети жок экенин билдирди.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштап, аны "атайын операция" деп атаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан. Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Орусиянын Куралдуу күчтөрү соккуну Украинанын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирилген. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору өз соккуларын улантууда. Путин Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок деп айткан.
Булак: NazarNews.kg