www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия өз алдында Украинаны жок кылуу максатын койгон эмес. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Астана шаарындагы маалымат жыйында айтты.
"Жок, андай максат жок. Алар (Украина) кезинде Крымды алып, сууну кесип салышты. Ал жакта 2,4 миллион адам жашайт. Крымдагы сууну ачууга туура келди. Бул эми биздин аракеттерибиздин логикасынын бир мисалы. Андай кылбаганда азыркыдай аракеттер болмок эмес", — деди ал.
Путин журналисттердин "кайсы бир нерселерге өкүнбөйсүзбү?" деген суроосуна "Орусия туура жана өз учурунда аракеттерди көрдү" деп жооп берди.
Мындан тышкары, өлкө лидери Украина боюнча массалык сокку жасоо зарылчылыгы жок экендигин, азыр башка милдеттер тургандыгын белгиледи. Муну менен катар эле ал Коргоо министрлиги соккуну Украинанын аймагындагы бардык объектилерге дароо бир учурда жасабаганына токтолду.
"Менимче, 29 объектиден жетөө талкаланган эмес, анткени муну Коргоо министрлиги пландаган, бирок алар акырындык менен аягына чыгышат. Массалык түрдө сокку урууга зарылчылык жок, балким, ага азырынча зарылчылык жоктур", — деди Путин.
Эске салсак, Орусия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо" экенин айткан.