www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалымат айдыңында Орусияга каршы толук кандуу, ири масштабдуу согуш башталды. Бул тууралуу Орусия лидери Владимир Путиндин айтканын РИА Новости жазды.

"Орусиянын маалыматтык инфраструктурасына акыркы жылдары жасалган киберчабуулдардын саны улам арбып бара жатат. Соңку жылдардан сырткары да, Донбасста, Украинада атайын операция башталгандан кийин чабуулдар бул тармакта өтө курч жана олуттуу мүнөзгө өттү. Негизинен Орусияга каршы маалымат айдыңында кадимкидей, агрессиялык согуш башталды", — деди ал Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып.

Путин маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик система иштеп чыгууга тапшырма берди.

"Маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик системаны түзүү максатка ылайык деп эсептейм. Силерден да мамлекеттик башкаруу жана бийлик органдарында маалыматтык инфраструктуранын ишин туруктуу камсыздоо боюнча кошумча кандай кадамдар жасалышы керектиги боюнча конкреттүү сунуштарды күтөм", — деди ал Коопсуздук кеңештин катышуучуларынын арасында отурган тиешелүү адамдарга.

Мамлекет башчысы ири алдыда киберчабуулдардын, анын ичинде комплекстүү жасалган бул маанайдагы чабуулдардын арбыгандыгын айтты.

"Эксперттер, адистер белгилегендей, жалгыз-жарым иш кылган хакерлердин, албетте, тиши өтпөйт. Чабуул ар кыл мамлекеттерден келип, муну менен кошо эле так, даана кылып, жөндөлүп, биргелешип жасалууда. Мындайча айтканда, алар — мамлекеттик структуралар", — деди Путин.

Орусия лидери бир катар мамлекеттердин армиясынын курамында расмий түрдө киберкүчтөр (аскерлер) бар экендигин кошумчалады.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости